Дөнмез: "Түркия эң ишенимдүү порт"

Дөнмез, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жетекчилигинде Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн «Түштүк газ коридорунун 9-консультативдик кеңешинин жыйналышында» сөз сүйлөдү.

1941647
Дөнмез: "Түркия эң ишенимдүү порт"

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Европа Биримдигинин (ЕБ) өз камсыздоо коопсуздугун жогорулатуусу үчүн Түркиянын эң ылайыктуу багыт жана эң ишенимдүү порт экенин белгиледи.

Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин жетекчилигинде Бакуда өткөрүлгөн «Түштүк газ коридорунун 9-консультативдик кеңешинин жыйналышында» сөз сүйлөгөн Дөнмез, булактарды жана багыттарды диверсификациялоо аркылуу узак мөөнөттүү энергия коопсуздугун камсыз кылганда жашыл экономика саясатынын кыйла ишенимдүү жана реалдуу болорун баса белгиледи.

Министр Дөнмез сөзүн мындай деп улантты:

«Түштүк газ коридорунун узак мөөнөттүү энергия менен камсыздоо коопсуздугун түзүүдөгү орчундуу ролу жөнүндө урматтуу катышуучулардын арасында жалпы түшүнүк бар деп эсептейм. Буга чейин биз туш болгон акыркы глобалдык окуялар да аймактык энергетикалык коопсуздук үчүн аймактык кызматташтыктын маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү. Ушул алкакта Түркия менен Азербайжандын саясий колдоосу болбогондо Түштүк газ коридору концепциясы ишке ашмак эместигин быйыл дагы бир жолу билдиргим келет. Түркия бул жагынан Евробиримдиктин өз камсыздоо коопсуздугун жогорулатуусу үчүн эң ылайыктуу багыт жана эң ишенимдүү порт болуп саналат. Түркия инфраструктуралык инвестициялары жана эл аралык долбоорлордогу ийгилиги менен ишенимдүүлүгүн далилдеди»,-деди.

Донмез: «Түркия жаратылыш газын ташуу үчүн гана эмес, электр энергиясын өткөрүү үчүн дагы эң ылайыктуу багыт болуп саналат. Азербайжан, Грузия, Болгария жана Греция менен электр байланышы бар Түркия, жашыл энергияны ташуу үчүн жаңы өнөктөштүк жана долбоорлорго даяр»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар