Түркия 130 өлкөгө велосипед экспорттоду

Автоунаа өнөр жайы экспорттоочулар биримдигинин көрсөткүчтөрү жарыяланды.

1935042
Түркия 130 өлкөгө велосипед экспорттоду

Түркиядагы велосипед, мопед (моторлуу велосипед) жана мотоцикл өндүрүүчүлөрү 2022-жылы 130 өлкөгө экспорт жасашты.

Автоунаа өнөр жайы экспорттоочулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн жылды 2021-жылдагыга жакын сандар менен жапкан сектор өкүлдөрү эң көп экспортту Европага ишке ашырып, бул өлкөлөрдүн арасында Германия биринчи болду.

Былтыр 141 миллион 282 миң долларлык экспорт жасалган Германияга тышкы сатуу мурунку жылга салыштырмалуу 30 пайыздан ашык өсүп, 17 миллион 406 миң доллардан 22 миллион 738 миң долларга жетти.

Германиядан кийин эң көп экспорт жасалган өлкө Францияга тышкы сатуу 17 миллион 314 миң доллардан 20 миллион 918 миң долларга жогорулады.

Үчүнчү орундагы Финляндияга экспорт болсо дээрлик 7 пайызга өсүп, 18 миллион 226 миң долларга жетти.



Тектеш кабарлар