Түркиянын машина экспорту рекорд жаңылады

Эң көп машина экспорттолгон өлкө 2,9 миллиард доллар менен Германия болду.

1934533
Түркиянын машина экспорту рекорд жаңылады

Түркиянын машина экспорту 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 9,6 пайыздык өсүү менен 25,3 миллиард долларга жетип, бардык мезгилдердин жылдык рекордун жаңылады.

Машина экспорттоочулар бирикмесинин (MAİB) маалыматына караганда Түркиянын машина экспорту рекорддук чекте уланды.

Машина өндүрүшүнүн 2022-жылдагы экспорту эркин аймактарды кошкондо мурунку жылга салыштырмалуу 9,6 пайызга өсүп 25,3 миллиард долларга жетти.

Эркин аймактардан ишке ашырылган экспорту эсепке албаганда эң көп машина экспорттолгон өлкө 2,9 миллиард доллар менен Германия болду.

Андан кийин 1,5 миллиард доллар менен Америка Кошмо Штаттары жана 1,3 миллиард доллар менен Орусия турат.

Эркин аймактардан бул үч өлкөгө машина экспорту 600 миллион доллардан ашты.



Тектеш кабарлар