Түркиядан 54 өлкөгө помидор экспорттолду

Экспортчулар былтыр 377 миллион 418 миң долларлык киреше табышты.

1933741
Түркиядан 54 өлкөгө помидор экспорттолду

Түркиянын 2022-жылдагы помидор экспортунун кирешеси 2021-жылга салыштырмалуу 4 пайызга өсүп 377 миллион 418 миң долларга жетти.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда экспортчулар өткөн жылы Румыния, Украина, Болгария, Германия, Англия, Чехия, Швейцария, Испания, Казакстан, Латвия, Орусия, Польша жана Малайзия баш болгон 54 өлкөгө 526 миң 703 тонна помидор сатышты.

Помидордон былтыр 377 миллион 418 миң долларлык киреше тапкан экспортчулар, 2021-жылы 362 миллион 993 миң доллар болгон экспорттун көлөмүн 2022-жылы болжол менен 4 пайызга көбөйтүштү.

Түркия тарабынан эң көп помидор экспорттолгон өлкөлөрдүн башында Румыния турат.

Румыниядан кийин Украина жана Болгария ээледи.



Тектеш кабарлар