Дүйнөлүк экономикалык форум башталды

Эл аралык уюмдардын жана бизнес дүйнөсүнүн көптөгөн өкүлдөрү да катыша турган форум 20-январга чейин уланат.

1933313
Дүйнөлүк экономикалык форум башталды
dunya ekonomik forumu davos.jpg
dunya ekonomik forumu davos.jpg
dunya ekonomik forumu davos.jpg

Давос саммити деп аталган Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун 53-жыйыны Швейцариянын Давос шаарында башталды.

Быйыл “Бөлүнгөн дүйнөдөгү кызматташтык” деген темада уюштурулган форум, 30 өлкөдөн 50ү мамлекет же өкмөт башчыларынан турган 2700дөн ашык катышуучуну жолугуштурууда.

Эл аралык уюмдардын жана бизнес дүйнөсүнүн көптөгөн өкүлдөрү да катыша турган форум 20-январга чейин уланат.

Лидерлердин сөз сүйлөлөрү жана көптөгөн ар түрдүү тармактардагы сессиялар эртең башталат.

Саммитке Түркия расмий түрдө катышпайт. АКШ, Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн да форумга лидерлер деңгээлдеги катышуу болбойт.

Форумдун алкагында экономика менен бирге 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушу, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, технология, энергетика, климаттын өзгөрүшү, саламаттыкты сактоо, миграция жана берки эл аралык маселелер талкууланат.

Климат активисттери кечээ Давостогу Почта аянтында Дүйнөлүк Экономикалык Форумга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы митинг өткөрүштү.

Экологдор бул форумдун экономикалык маселелер үчүн гана уюштурулганын, климаттын өзгөрүшүнө жана башка маанилүү көйгөйлөргө чечимдерди сунуш кылбаганын белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар