IMF дүйнөлүк экономиканын калыбына келишин күтүүдө

Кристалина Георгиева өткөргөн маалымат жыйынында дүйнөлүк экономикага баа берди.

1932157
IMF дүйнөлүк экономиканын калыбына келишин күтүүдө

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) директору Кристалина Георгиева, дүйнөлүк экономиканын өсүшү ушул жылдын аягына чейин калыбына келе баштайт деп болжолдоду.

Кристалина Георгиева өткөргөн маалымат жыйынында дүйнөлүк экономикага баа берди.

Глобалдык өсүүдөгү акыркы төмөндөөлөрдүн соңуна чыгышы мүмкүн экенин белгилеген Георгиева, келерки жылы экономикалык өсүш ылдамдашы мүмкүн деген оптимизмин билдирди.

Эл аралык Валюта Фондунун 2023-жылга карата 2,7 пайыздык өсүү божомолун төмөндөтүүсү күтүлбөгөнүн айткан Георгиева: «2023-жылдын аягында биз 2024-жылы жогорку өсүү жолуна карай тенденциянын өзгөрүшүн көрөбүз»,-деди.

Кристалина Георгиева 2023-жылдын дагы деле оор жыл болорун жана дүйнөлүк экономиканын морттугун улантып жатканын белгилеп, инфляциянын өжөрлүк менен жогору бойдон калганын жана жашоодогу кымбатчылыктын бүтө электигин кошумчалады.

Дүйнөнү кандай кризис күтүп жатканын божомолдоонун мүмкүн эместигин белгилеген IMF директору, Орусиянын Украинадагы согушунун жыйынтыгын алдын ала айтуунун өзгөчө кыйын экенин, пайыздык чендердин жогорулашына эмгек рынокторунун канчалык туруктуу болоору белгисиз бойдон калганын айтты.



Тектеш кабарлар