Түрк автомобиль секторунун Европа Биримдигине карата экспорту өстү

Европа Биримдиги өлкөлөрү унаа экспортунда эң маанилүү рынок катары позициясын сакташты.

1929075
Түрк автомобиль секторунун Европа Биримдигине карата экспорту өстү

Түрк автомобиль өнөр жайы өткөн жылы Европа Биримдиги  өлкөлөрүнө 20 миллиард 54 миллион 839 миң долларлык сатууну ишке ашырды.

Түркия өткөн жылы 2021 - жылга салыштырмалуу экспортун 12,9 пайызга көбөйтүп, 254 миллиард 210 миллион доллар менен республика тарыхынын рекордун жаңылады.

Автоунаа өнөр жайы бул мезгилде экспортун 5,7 пайызга көбөйтүп, 30 миллиард 995 миллион 808 миң долларлык экспортту ишке ашырды.

Түркиянын экспортунда экинчи орунда турган автомобиль сектору тарыхынын эң чоң экинчи экспорт көрсөткүчүнө жетти.

Автоунаа өнөр жайы өткөн жылы 200гө жакын өлкөгө, автономдуу жана эркин аймактарга сатууну ишке ашырды.

Өлкөлөр тобунун негизинде Европа Биримдиги өлкөлөрү 2022-жылы 64,7 пайыздык үлүш менен Түркиянын автомобиль экспортунда биринчи орунду ээледи. Бул өлкөлөргө экспорт былтыр 2021-жылга салыштырмалуу 6 пайызга өсүү менен 20 миллиард 54 миллион 839 миң доллар болду. 2021-жылы Европа Биримдиги өлкөлөрүнө 18 миллиард 961 миллион 589 миң долларлык экспорт катталды.

Европа Биримдиги өлкөлөрү унаа экспортунда эң маанилүү рынок катары позициясын сакташты.

 



Тектеш кабарлар