ЭВФ : «Бул жыл оор жыл болот»

Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристалина Георгиева CBS телеканалына берген маегинде дүйнөлүк экономикага баа берди.

1926366
ЭВФ : «Бул жыл оор жыл болот»

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристалина Георгиева 2023-жыл дүйнөлүк экономиканын көбү үчүн оор жыл болорун эскертти.

Эл аралык Валюта Фондунун башчысы Кристалина Георгиева CBS телеканалына берген маегинде дүйнөлүк экономикага баа берди.

Эл аралык валюта корунун 2023-жылдагы рецессия күтүүлөрү тууралуу суроого Георгиева: «Бул жыл дүйнөлүк экономиканын көбү үчүн биз артта калтыргандан да кыйыныраак болот»,-деп жооп берди.

Георгиева Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Европа Биримдиги (ЕБ) жана Кытай сыяктуу 3 негизги экономиканын басаңдашы буга себеп болгонун айтты.

АКШнын эң туруктуу экономика экенине көңүл бурган Георгиева Евробиримдиктин Украинадагы согуштан олуттуу түрдө таасирленгенин белгилеп, Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарымы быйыл рецессияга кире турганын айткан божомолун бөлүштү.

Быйылкы жыл да Кытайдын экономикасы үчүн оор болорун белгилеген Кристалина Георгиева: «Кытай быйылкы жылы ого бетер жай өнүгөт»,-деп сереп салды.

Георгиева, өнүгүп келе жаткан экономикаларды караганыбызда жогорку пайыздык ставкалар жана доллардын кымбатташынан улам картинанын дагы «коркунучтуу» экенин белгиледи.

«Биз дүйнөлүк экономиканын үчтөн бир бөлүгү рецессияга туш болот деп күтүп жатабыз»,- деди Эл аралык Валюта Фондунун башчысы.

Георгиева Кытайда кыска мөөнөттө коронавирустун жаңы түрлөрүнүн (Ковид-19) көбөйүшү дүйнөлүк экономика үчүн жаман жаңылык экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар