Стамбулга келген туристтердин саны өстү

Стамбул Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын 10 айында шаарга жалпысынан 13 миллион 372 миң 526 турист келди.

1911888
Стамбулга келген туристтердин саны өстү

Октябрь айында Стамбулга келген турист саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 37 пайызга өсүп 1 миллион 584 миң 692 болду.

Стамбул Маданият жана туризм директорлугунун маалыматына караганда, быйылкы жылдын 10 айында шаарга жалпысынан 13 миллион 372 миң 526 турист келди.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Стамбул, өткөн жылга салыштырмалуу 37 пайыздык өсүү менен 1 миллион 584 миң 692 туристти кабыл алды.

Октябрь айында шаарга аба жолу менен 1 миллион 538 миң 452 адам, деңиз аркылуу 46 миң 240 адам жетти.

Аталган айда Стамбулга келген туристтердин арасында орустар 185 миң 339 киши менен биринчи орунду ээледи.

Орусиядан кийин 116 миң 219 турист менен Германия, 94 миң 579 турист менен Иран, 72 миң 428 турист менен АКШ, 62 миң 510 турист менен Англия, 55 миң 389 турист менен Франция, 48 миң 999 турист менен Сауд Арабия, 40 миң 788 турист менен Италия, 40 миң 108 турист менен Израиль, 33 миң 691 турист менен Ирак, 31 миң 740 турист менен Өзбекстан, 29 миң 172 турист менен Испания, 28 миң 676 турист менен Иордания, 27 миң 624 турист менен Марокко жана 26 миң 995 турист менен Индия турат.

Октябрда Стамбулга 194 өлкөдөн турист келди, Тонга жана Соломон аралдарынан бирден, Науру менен Макаодан экиден адам шаарды кыдырды.



Тектеш кабарлар