Түркиянын кургатылган мөмө жана азыктары сектору

Сектордун экспортчулары жылдын 9 айында 153 өлкөгө 345 миң 377 тонна продукция жөнөтүштү.

1896729
Түркиянын кургатылган мөмө жана азыктары сектору

Түркиянын кургатылган мөмө жана азыктары сектору жылдын 9 айында 1 миллиард 82 миллион 384 миң долларлык экспорттун 40,2 пайызын Европа өлкөлөрүнө ишке ашырды.

Түштүк-Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин (GAİB) маалыматына караганда, сектордун экспортчулары жылдын 9 айында 153 өлкөгө 345 миң 377 тонна продукция жөнөтүштү.

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспортун 5,2 пайызга өстүргөн кургатылган мөмө жана азыктарын экспортчулары 1 миллиард 82 миллион 384 миң долларлык киреше табышты.

Сектор эң көп кирешени 309 миллион 981 миң доллар менен данексиз мейизден, 256 миллион 732 миң доллар менен кургатылган өрүктөн жана 145 миллион 958 миң доллар менен мистеден алды.

Түркиянын кургатылган мөмө жана азыктары сектору 435 миллион 247 миң доллар жана 40,2 пайыздык үлүш менен Европа өлкөлөрүнө эң көп продукция жөнөттү.

Германия 138 миллион 847 миң доллар менен эң көп экспорт кылынган өлкө болду.

Германиядан кийин 110 миллион 389 миң доллар менен Британия, 83 миллион 930 миң доллар менен АКШ, 77 миллион 554 миң доллар менен Италия жана 64 миллион 220 миң доллар менен Франция ээледи.



Тектеш кабарлар