Түркиянын килем экспорту

Түрк килем өндүрүүчүлөрү жылдын 9 айында экспорттогон килемдерден 1 миллиард 981 миллион 284 миң доллар киреше табышты.

1896115
Түркиянын килем экспорту

Түрк килем өндүрүүчүлөрү жылдын 9 айында экспорттогон килемдерден 1 миллиард 981 миллион 284 миң доллар киреше табышты.

Түштүк - Чыгыш Анадолу экспортчулар ассоциацияларынан алынган маалыматка караганда түрк килем өндүрүүчүлөрү жылдын биринчи 9 айында 183 өлкө жана эркин аймактарга 407 миллион 319 миң чарчы метр килем сатуу менен экспортун 1 миллиард 981 миллион 284 миң долларга жогорулатты. 

Түрк килем өндүрүүчүлөрү 589 миллион 618 миң доллар менен Америка Кошмо Штаттарына  эң көп килем жөнөттү.

АКШдан кийин 121 миллион 475 миң доллар менен Ирак, 105 миллион 396 миң доллар менен Британия турат.

 



Тектеш кабарлар