Керектөөчү ишеним индекси

Түркиянын статистика мекемеси (TÜİK) сентябрь айынын керектөөчү ишеним индексинин көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1883222
Керектөөчү ишеним индекси

Керектөөчү ишеним индекси сентябрда 0,3 пайызга жогорулап 72,4 болду.

Түркиянын статистика мекемеси (TÜİK) сентябрь айынын керектөөчү ишеним индексинин көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык, TÜİK жана Түркия Республикасынын Борбордук банкы менен биргеликте жүргүзүлгөн «Керектөөчү тенденция изилдөөсүнүн» жыйынтыгынан эсептелген мезгилдик такталган керектөөчү ишеним индекси сентябрь айында өткөн айга салыштырмалуу 0,3 пайызга өстү. Август айында 72,2 болгон индекс бул айда 72,4тү түздү.

Август айында 72,8 болгон алдыбыздагы 12 айлык мезгилдеги жалпы экономикалык абалдын күтүү индекси бул айда 1,6 пайыз өсүп 74кө жетти.

Алдыдагы 12 айда узак мөөнөттүү товарларга сарптоолорду ойлонуу индекси да августта 89,8 болсо сентябрда 1,3 пайыздык өсүү менен 91ге жогорулады.



Тектеш кабарлар