«Абдүлхамид Хан» кемеси Йөрүклер-1 кудугунда бургулоо иштерин баштады

Министр Дөнмез социалдык медиа эсебинен «Абдулхамид Хан» бургулоочу кеме тууралуу бөлүштү.

1869295
«Абдүлхамид Хан» кемеси Йөрүклер-1 кудугунда бургулоо иштерин баштады

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын 4 - бургулоочу кемеси «Абдүлхамид Хан» Йөрүклер-1 кудугунда бургулоо иштерин баштаганын билдирди.

Министр Дөнмез социалдык медиа эсебинен «Абдулхамид Хан» бургулоочу кеме тууралуу бөлүштү.

Кеменин акыркы абалы тууралуу маалымат берген Дөнмез: «Абдулхамид Хан бургулоочу кемебиз бүгүн Йөрүклер-1 кудугунда алгачкы бургулоо иштерин баштады. Жер Ортолук деңизинде жаңы сүйүнчү кабар менен Кара деңиздин кубанычын сактап калууга чечкиндүүбүз. Бул жолу инженерлерибиздин маңдай тери жана элибиздин батасы менен кемебиз ийгиликтүү, бургулоосу жемиштүү болсун»,-деп айтты.

«Абдулхамид Хан» бургулоочу кемеси 9-августта президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусундагы азем менен биринчи миссиясын аткара турган жер Йөрүклер-1 кудугуна жөнөтүлгөн.

Министр Дөнмез кеменин 10-августта кызмат ордуна жеткенин маалымдады.



Тектеш кабарлар