Түркия текстиль өнүмдөрүн экспорттоодо рекордун жаңылады

Өткөн айда Түркиядан текстиль жана чийки зат секторунда эң көп экспорт жасалган өлкө 67 миллион доллар менен Италия болду. Италиядан кийин 43,8 миллион доллар менен Орусия, 39,5 миллион доллар менен Беларусь турат.

1867578
Түркия текстиль өнүмдөрүн экспорттоодо рекордун жаңылады

Түркиянын текстиль жана чийки зат сектору ушул жылдын январь-июль мезгилинде 6,1 миллиард долларлык рекорддук экспортту ишке ашырды.

2022-жылдын январь-июль айларында сектор өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,5 пайызга өсүү менен 6 миллиард 119 миллион долларлык экспортту ишке ашырды. Ошентип, текстиль жана чийки зат сектору январь-июль айларынын эң жогорку экспортуна жетти.

Өткөн айда Түркиядан текстиль жана чийки зат секторунда эң көп экспорт жасалган өлкө 67 миллион доллар менен Италия болду. Италиядан кийин 43,8 миллион доллар менен Орусия, 39,5 миллион доллар менен Беларусь турат.

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында сектор Италияга 635 миллион доллар, АКШга  340 миллион доллар жана Испанияга 323 миллион долларлык сатууну ишке ашырды.



Тектеш кабарлар