Казына министри Небати Индонезияга барат
Министрликтен алынган маалыматка караганда, эл аралык экономикалык кызматташтыкта алдыңкы ролду ойногон Чоң жыйырмалыктын аты аталган жыйынында Набатинин негизги баяндамачы боло турган «инфраструктура» аттуу отурум өткөрүлөт.
Казына жана каржы министри Нуреддин Небати 15-16-июлда өтө турган Чоң жыйырлыктын каржы министрлери жана борбордук банктын башкаруучуларынын жыйынына катышуу үчүн Индонезияга барат.
Министрликтен алынган маалыматка караганда, эл аралык экономикалык кызматташтыкта алдыңкы ролду ойногон Чоң жыйырмалыктын аты аталган жыйынында Набатинин негизги баяндамачы боло турган «инфраструктура» аттуу отурум өткөрүлөт.
Бул отурумдан тышкары, дүйнөлүк экономикалык көз караш жана тобокелдиктер, глобалдык саламаттыкты сактоо күн тартиби, эл аралык каржы архитектурасы, каржы сектору, туруктуу финансы жана эл аралык салык салуу темалары министрлер деңгээлинде талкууланат.
Министр Небати Чоң жыйырмалыктын жыйындарынын алкагында кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.