Түркия 5 айда 22,1 миллион долларлык балык уну жана майын экспорттоду

Бул тууралуу Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин (DKİB) Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Балык сектору комитетинин төрагасы Исмаил Кобя маалымат берди.

1840477
Түркия 5 айда 22,1 миллион долларлык балык уну жана майын экспорттоду

Түркиядан январь-май айларында балык унунун жана майынын экспортунан алынган киреше 71 пайызга өсүп 22 миллион 193 миң 838 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин (DKİB) Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Балык сектору комитетинин төрагасы Исмаил Кобя, Перу, Норвегия жана Франциянын эң көп экспорт кылынган өлкөлөр экенине көңүл буруп, былтыркыдан айырмаланып Франция, Йемен жана Германияга да бул мезгилде экспорт жасалганын айтты.

Трабзондун балык унун жана майын экспорттоодо өзгөчөлөнгөнүнө көңүл бурган Кобя, Трабзондон Перу, Норвегия, Франция, Колумбия, Израиль жана башка өлкөлөргө 7 миң 478 тонна балык уну жана майын экспорттоодон 21 миллион 236 миң 367 доллар киреше тапканын айтты.

 



Тектеш кабарлар