Соода министри май айындагы экспорт тууралуу маалымат берди

Соода министри Мехмет Муш Түркиянын 2021 - жылы экспортто чоң бир ийгиликке жетишкендигин белгиледи.

1836559
Соода министри май айындагы экспорт тууралуу маалымат берди

Соода министри Мехмет Муш бардык учурлардын май айындагы эң жогорку экспорту тууралуу билдирди. 

Министр Муш май айындагы тышкы соода сандарына байланыштуу өткөргөн пресс  - жыйынында Түркиянын 2021 - жылы экспортто чоң бир ийгиликке жетишкендигин белгиледи. 

Түркиянын быйылкы жылдын биринчи беш айында экспорттогу күчтүү көрсөткүчтөрүн улантканын белгилеген министр Муш  :"Артта калган май айында экспортубуз өткөн жылдын ошол эле айына караганда 15,2 пайыздык өсүү менен 19 миллиард долларга жетти. Бул бардык учурлардын май айындагы эң жогорку экспорту. Ушундайча 2022 -  жылдын биринчи 5 айынын баарында эң жогорку айлык экспорттук баага жетип биринчи 5 айда рекордго жеттик",- деди. 

 



Тектеш кабарлар