Малатияда өрүк данегинин экспорту

Малатия соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан маалымат берди.

1821419
Малатияда өрүк данегинин экспорту

Малатияда өрүк данегинин экспортунан түшкөн киреше үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 эседен ашык өсүп 5 миллион 198 миң долларга жетти.

Малатия соода биржасынын төрагасы Рамазан Өзжан: «Өрүк данегинин экспорту тездик менен уланууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 1220 тонна данек экспорттоп, өлкө экономикасына 5 миллион 198 миң долларлык киреше алып келдик. Кургатылган өрүктө болгону сыяктуу эле данекте да өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу экспорттон түшкөн киреше 2 эседен көп өстү»,- деди.

Былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 942 тонналык экспорттон 2 миллион 426 миң долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Өзжан: «Өткөн жылдын биринчи чейрегинде биздин тоннага негизделген орточо экспортубуз 2 миң 585 доллар болсо, быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде орточо экспорт көрсөткүчүбүз 4 миң 260 доллар болду. Бул абдан маанилүү өнүгүү. Эң көп данек экспорттолгон алдыңкы өлкөлөр Германия, Италия жана Кытай. Өткөн жылы Германияга 2,30 тонна, Италияга 1790 тонна жана Кытайга 290 тонналык экспортту ишке ашырдык»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар