Антальяга 4 айда 1 миллион 112 миң 383 турист келди

Шаарга эң көп туристтер Германия, Англия жана Орусиядан келишкен.

1821164
Антальяга 4 айда 1 миллион 112 миң 383 турист келди

Туризм шаары Анталья январь-апрель айларында аба жолу менен келген 1 миллион 112 миң 383 чет элдик туристти кабыл алды.

Деңиз, кум, күн, тарыхый жана табигый кооздуктары, маданий түзүмдөрү, булуңдары жана байыркы шаарлары менен дүйнөнүн маанилүү туризм багыттарынын арасында орун алган Анталья ар кайсы өлкөдөн келген туристтерди кабыл алууда.

Анталья губернаторлугунун Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 1-январдан 30-апрелге чейин шаарга аба жолу менен келген туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 162 пайызга өстү.

Шаарга 2020-жылы 431 миң 769, өткөн жылы январь-апрель мезгилинде 423 миң 773 чет элдик турист келсе, ушул жылдын ушул эле мезгилинде Антальяда 1 миллион 112 миң 383 турист эс алган.

Шаарга эң көп туристтер Германия, Англия жана Орусиядан келишкен.



Тектеш кабарлар