Ири круиздик кеме 2129 турист менен Кушадасында...

Эге портуна биринчи жолу келген кемеден түшкөн туристтер, портто элдик бий көрсөтүүлөрү менен тосуп алынды.

1813436
Ири круиздик кеме 2129 турист менен Кушадасында...

Көпчүлүгү Америка жарандары болгон 2129 турист менен Айдындын Кушадасы районундагы портко Бермуд желектүү гигант «Азура» крейсери токтоду.

Эге портуна биринчи жолу келген кемеден түшкөн туристтер, портто элдик бий көрсөтүүлөрү менен тосуп алынды.

Жүргүнчүлөрдүн айрымдары байыркы Эфес шаарын жана Измирдин Селчук районундагы Бүбү Мариямдын үйүн кыдырса, турга катышпагандар шаардын борборунда соода кылышты.

Глобалдык порттор холдингинин Чыгыш Жер Ортолук деңиз портторунун аймактык директору Азиз Гүнгөр, Азуранын портко биринчи жолу кеме казыгын түшүргөнүн жана бул сезондун аягына чейин районго дагы 4 жолу келе турганын айтты.



Тектеш кабарлар