Түркиянын чай экспорту

Үстүбүздөгү жылдын январь - март айларында 84 өлкөгө 660 тонна чай экспорттолуп, 5 миллион 271 миң 933 доллар киреше түштү.

1811769
Түркиянын  чай экспорту

Үстүбүздөгү жылдын январь - март айларында 84 өлкөгө 660 тонна чай экспорттолуп, 5 миллион 271 миң 933 доллар киреше түштү.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, Бельгия,  Британия, Германия, Нидерландия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы чай сатуудан эң көп киреше алынган өлкөлөр болду.

Бул мезгилде Бельгияга 847 миң 988 доллар, Британияга 825 миң 938 доллар, Германияга 816 миң 861 доллар, Голландияга 432 миң 35 доллар жана Түндүк Кипр Түрк Республикасына 415 миң 82 доллар чай сатылды.

Өткөн жылдын алгачкы 3 айынан айырмаланып, бул мезгилде Камерун, Венгрия, Кот-д'Ивуар, Экватордук Гвинея, Кения, Танзания, Литва, Эстония жана Финляндияга да чай жөнөтүлгөн.



Тектеш кабарлар