Кападокиядагы музей жана уранды жерлерди зыярат кылгандардын саны 54 пайызга өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь, февраль, март айларында облустагы музейлерге, урандыларга киргендердин саны былтыркыга салыштырмалуу өстү.

1807437
Кападокиядагы музей жана уранды жерлерди зыярат кылгандардын саны 54 пайызга өстү

Кападокиядагы музей жана урандыларды зыярат кылгандардын саны жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 54 пайызга өсүү менен 305 миң 275ке жетти.

Табигый, тарыхый жана маданий байлыктары менен туристтердин көңүлүн бурган Невшехирдеги туризм борбору Кападокия Ковид-19 эпидемиясында тынч процессти артка таштай баштады.

Үстүбүздөгү жылдын январь, февраль, март айларында облустагы музейлерге, урандыларга киргендердин саны былтыркыга салыштырмалуу өстү.

Облустук Маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн жылдын биринчи чейрегинде 197 миң 541 зыяратчы келген музей жана урандылар бул жылы 54 пайыздык өсүү менен 305 миң 275 жолу зыярт кылынды.

Жылдын биринчи чейрегинде Гөреме ачык асман музейинде 94 миң 642, Зелве урандысында 93 миң 793 жана Каймаклы жер астындагы шаарында 51 миң 144 зыяратчы болду.



Тектеш кабарлар