Экспорт боюнча март айынын рекорду жаңыланды

Соода министри Мехмет Муш март айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1806742
Экспорт боюнча март айынын рекорду жаңыланды

Türkiyeнин экспорту март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 19,8 пайызга өсүп 22,7 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч март айындагы эң жогорку экспорт көрсөткүчү катары катталды.

Соода министри Мехмет Муш март айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Türkiyeнин 2021-жылы жетишкен экспорттогу ылдамдыгын быйыл дагы улантканын баса белгилеген Муш: "Март айында экспортубуз өткөн жылдын март айына салыштырмалуу 19,8 пайызга өсүп 22,7 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч март айындагы эң жогорку экспорттук көрсөткүч болуп саналат",- деди.

Министр Муш: "Биз январь жана февраль айларында эң жогорку айлык көрсөткүчтөрдү жарыялаганбыз. Март айы менен биргеликте быйыл үч ай катары менен өсүүгө жетиштик",-деп билдирди. 

Соода министри Муш: "Акыркы 12 айда 235,6 миллиард долларга жеткен экспорт менен президентибиз Режеп Таййип Эрдоган жылдын акырына карата белгилеген 250 миллиард долларлык экспорт максатына карай бекем кадамдарды таштоодобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар