Орусия башка товарлар үчүн дагы рубль менен төлөөнү талап кылат
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын тарыхтагы эң чоң санкциялар жүгү астында экенин айтып, «Булар доллар жана еврого болгон ишенимди тез эле жок кылат»,-деди.
Орусиянын жаратылыш газы менен катар башка товарлар үчүн да рубль менен төлөөнү талап кыла турганы маалымдалды.
(Орусиянын Президенттик сарайы) Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын тарыхтагы эң чоң санкциялар жүгү астында экенин айтып, «Булар доллар жана еврого болгон ишенимди тез эле жок кылат»,-деди.
Басма сөз катчысы Песков Орусия жаратылыш газы жана башка товарлар үчүн рубль менен төлөмдү талап кыла турганын билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин 31-марттагы билдирүүсүндө, эгер аларга рубль менен төлөнбөсө, жаратылыш газы боюнча келишимдер токтотулуп, газ үчүн төлөмдөр 1-апрелден тарта башталаарын белгилеген.
Тектеш кабарлар
Түрк экономикасынын жана глобалдык экономиканын өсүү божомолу
Эл аралык каржы институту (IIF) глобалдык көз караш отчетун жарыялады.
Түркиянын алма жана алма ширеси экспорту
Түркиянын жылдык 5 миллион тонналык алма өндүрүшү менен дүйнөдө биринчи орунда турганы белгиленди.