Түркияда жумушсуздук деңгээли
«Эмгек күчү статистикасы-2021» көрсөткүчтөрү жарыяланды.
1800404
Түркияда жумушсуздук деңгээли 2021-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 1,1 баллга азайып 12 пайызды түздү.
Түркия статистика мекемесинин «Эмгек күчү статистикасы-2021» маалыматына караганда, өлкө боюнча өткөн жылы жумушсуздардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 121 миң кишиге азайып 3 миллион 919 миң киши болду.
Жумушсуздуктун деңгээли былтыр мурунку жылга салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка азайып 12 пайызды түзгөн.
2020-жылы жумушсуздук көрсөткүчү 13,1 пайыз болуп, жумушсуздардын саны 4 миллион 40 миң киши деп жарыяланган.