Орусия-Украина согушу ар кандай азык-түлүк жетишсиздигин жаратууда

Германиянын май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү өнөр жай ассоциациясынын (OVID) башкаруучу директору Герхард Бранкатчк, күн карама майы өлкөдө дагы бир нече жумага гана жете турганын эсептешкенин билдирди.

1795368
Орусия-Украина согушу ар кандай азык-түлүк жетишсиздигин жаратууда

Орусия-Украина согушу ар кандай азык-түлүк жетишсиздигин жаратууда.

Германиянын май өсүмдүктөрүн кайра иштетүү өнөр жай ассоциациясынын (OVID) башкаруучу директору Герхард Бранкатчк, күн караманын майы өлкөдө дагы бир нече жумага гана жете турганын эсептешкенин билдирди.

Учурда күн карама майынын эң маанилүү берүүчүсү болгон Украинадан май сатып алынбай турганын белгилеген Бранкатчк, Германияда бул майдын жакын арада жетишсиз болуп калышы мүмкүн экенин айтты.

Бранкатчк Германияда рапс майы сыяктуу башка тамак жасоочу майларда жетишсиздик күтүлбөй турганын белгиледи.

OVID маалыматы боюнча, Германия күн карама майына болгон муктаждыгынын 94 пайызын импорт аркылуу камсыздайт. Өлкөдө керектелүүчү майдын 6 пайызы гана ата мекендик өндүрүштөн.

Канадада оруп-жыюу маалында логистикалык көйгөйлөр жана жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан улам күн карама майында болгон кыйынчылыктар Орусиянын 24-февралда башталган Украинага кол салуусунан мурда бааларды бир топ жогорулаткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) маалыматы боюнча, күн карама майынын дүйнөлүк экспорттук базарынын 52 пайызын Орусия менен Украина түзөт.



Тектеш кабарлар