Түркиянын чай экспорту
Германия, Англия жана Нидерландия эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду.
1782883
Түркиядан 2022-жылдын биринчи айында 1 миллион 451 миң 816 долларлык чай экспорттолду.
Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин маалыматына караганда, январь айында 53 өлкөгө 568 тонна чай экспорттолду.
Бул экспорттон 1 миллион 451 миң 816 долларлык киреше түштү.
Германия, Англия жана Нидерландия эң көп экспорт жасалган өлкөлөр болду.
2022-жылдын биринчи айында Түркиядан Германияга 277 миң 298 доллар, Англияга 234 миң 240 доллар, Нидерландияга 174 миң 293 долларлык чай сатылды.