Январь айында эң көп экспорт автомобиль секторунда ишке ашты

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) экспорт боюнча маалыматы жарыяланды.

1772473
Январь айында эң көп экспорт автомобиль секторунда ишке ашты

Автомобиль өнөр жайы январь айында 2,2 миллиард доллар менен эң көп экспорт кылган сектор болду.

Түркия экспортчулар ассамблеясынын (TIM) маалыматына караганда, өткөн айда 2 миллиард 230 миллион 2 миң доллар экспортко жетишкен автомобиль өнөр жайын 2 миллиард 135 миллион 7 миң доллар менен химиялык заттар жана буюмдар, 1 миллиард 630 миллион 5 миң доллар менен болот өнөр жайы ээледи.

Экспорттун эң чоң өсүшү январь айында 135,5 пайыз менен зайтун жана зайтун майында болсо, болот өнөр жайынын экспорту 54,9 пайыз өсүп 1,05 миллиард доллардан 1,63 миллиард долларга өстү.

Түркиянын өткөн айда жалпы экспортунун 74,6 пайызын түзгөн өнөр жай тобунда январь айында 18,4 пайыздык өсүү менен 13 миллиард 123 миллион долларлык экспорт ишке ашты.

Эң көп экспорт кылынган 3 өлкө 1,6 миллиард доллар менен Германия, 1,2 миллиард доллар менен АКШ жана 1 миллиард доллар менен Италия болду.



Тектеш кабарлар