Түрк балы өткөн жылы 55 өлкөгө экспорттолду

Өткөн жылы Түркия 2020-жылдан айырмаланып Италия, Марокко, Египет, Монголия, Венесуэла, Пакистан, Кения, Ирландия, Албания жана Суданга бал сатты.

1768612
Түрк балы өткөн жылы 55 өлкөгө экспорттолду

Түрк балы өткөн жылы 55 өлкөгө экспорттолду.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин (DKİB) маалыматына караганда, өткөн жылы Түркиядан 55 өлкөгө 9 миң 875 тонна бал сатылды. Бул экспорттон 30 миллион 498 миң 600 долларлык киреше түштү.

Өткөн жылы балдын экспорту 2020-жылга салыштырмалуу көлөмү жагынан 65 пайызга, нарк жагынан 18 пайызга өсүп, 5 миң 972 тонна балдан 25 миллион 856 миң 972 долларлык киреше түштү.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Германия, Испания, Болгария жана Израиль 2021-жылы эң көп бал экспорттолгон өлкөлөр болду.

Өткөн жылы Түркия 2020-жылдан айырмаланып Италия, Марокко, Египет, Монголия, Венесуэла, Пакистан, Кения, Ирландия, Албания жана Суданга бал сатты.



Тектеш кабарлар