Түркиядан 54 өлкөгө помидор экспорттолду

Өткөн жылы эң көп помидор экспорттолгон өлкө 68 миллион 14 миң доллар менен Россия болду.

1759090
Түркиядан 54 өлкөгө  помидор экспорттолду

Түркиядан 54 өлкөгө 363,3 миллион долларлык помидор экспорттолду.

Түштүк - Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин маалыматына караганда 2021 -жылы Түркиядан помидор экспорту мурунку жылга салыштырмалуу 16 пайызга жакын өсүп 363 миллион 290 миң долларга жетти.

Өткөн жылы эң көп помидор экспорттолгон өлкө 68 миллион 14 миң доллар менен Россия андан кийин 58 миллион 337 миң доллар менен Румыния болду.

Түркия Болгарияга  2020 -  жылы 28 миллион 824 миң долларлык помидор экспорттоп, өткөн жылы бул сан 42 пайызга өсүп 40 миллион 962 миң долларга жогорулады.



Тектеш кабарлар