S&P Түркия үчүн өсүү божомолдорун көтөрдү

Кредиттик рейтинг агенттигинин Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка (EMEA) өнүгүп келе жаткан базарлар отчетун жарыялады.

1741642
S&P Түркия үчүн өсүү божомолдорун көтөрдү

Эл аралык кредит рейтинги мекемеси Standard & Poor's (S&P) Түркиянын 2021 жана 2022-жылга карата өсүү болжолдорун жогорулатты.

Кредиттик рейтинг агенттигинин Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка (EMEA) өнүгүп келе жаткан базарлар отчетунда Түркиянын 2021-жылга карата экономикалык өсүү болжолу 1,2 баллга жогорулап 9,8 пайызга, 2022-жылга карата өсүү болжолу 0,4 пайызга жогорулап 3,7пайыз түрүндө кайра каралганы белгиленди.

Отчет ошондой эле өнүгүп келе жаткан рыноктордогу жогорку инфляциянын жана жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу белгисиздиктердин экономикалык өсүштү басаңдатуу коркунучун алып келери баса белгиленди.

Башка жагынан алганда, отчетто, ушул жылдын үчүнчү чейрегинде Европадагы бардык өнүгүп келе жаткан рыноктор эпидемиядан чыгуу учурунда олуттуу экономикалык өсүштү каттай алышканы айтылды.



Тектеш кабарлар