Түркиянын өнөр жай өндүрүшү

Түркиянын статистикалык мекемеси сентябрь айынын өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыгын жарыялады.

1733235
Түркиянын өнөр жай өндүрүшү

Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси сентябрь айында жылдык негизде 8,9 пайызга өстү. Түркиянын статистикалык мекемеси сентябрь айынын өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык, сентябрь айында календардык тазаланган өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 8,9 пайызга өстү.

Өнөр жайдын чакан секторлору талдоого алынганда, тоо - кен казып алуу жана карьерлерди иштетүү секторунун индекси 7,9 пайызга, кайра иштетүү өнөр жай секторунун индекси 9,7 пайызга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү жана бөлүштүрүү секторунун индекси 1 пайызга өстү.

Түзөтүлбөгөн өнөр жай өндүрүшү индекси да жылдык негизде 8,82 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар