Түркиянын туризм кирешеси
Түркиянын туризм кирешеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 11 миллиард 395 миллион 117 000 доллар болду.

Түркиянын туризм кирешеси быйылкы жылдын үчүнчү чейрегинде 11 миллиард 395 миллион 117 000 доллар болду.
Түркиянын статистика мекемеси ушул жылдын июль - сентябрь айларынын туризм статистикасын жарыялады. Буга ылайык, жылдын үчүнчү чейрегинде туризм кирешеси 11 миллиард 395 миллион 117 миң доллар болду. Туризмден түшкөн кирешенин 78 пайызы (уюлдук телефон роумингине жана марина кызматына кеткен чыгымдарды эсепке албаганда) чет өлкөлүк зыяратчылардан, 22 пайызы чет өлкөдө жашаган түрк жарандардан келген.
Аталган мезгилде чыгашалардын 9 миллиард 63 миллион 42 миң доллары жеке чыгымдар, 2 миллиард 332 миллион 75 миң доллары пакеттик тур чыгымдары болду.
Бул мезгилде бир түнгө орточо чыгым 74 долларды түздү.
Чет элдиктердин орточо түнкү чыгымы 78 доллар болсо, чет өлкөдө жашаган жарандардын чыгымы 61 доллар деп эсептелген.
Тектеш кабарлар

Түркияда аялдардын жумуштуулук деңгээлинде рекорд
Жыл өткөн сайын аялдардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлинин өскөндүгү байкалды.