Мега яхта "Lady Gulya" Мармаристе

Узундугу 11,5 метр, туурасы 19 метр эки тик учак аянтчасы бар яхта көргөндөрдү суктандырды.

1723635
Мега яхта "Lady Gulya" Мармаристе

Кайман аралдарынын желеги илинген мега яхта "Lady Gulya" Мугланын Мармарис районуна келди.

Дүйнөнүн эң мыкты 100 яхтасынын арасында көрсөтүлгөн жана 2019-жылы деңизге түшүрүлгөн 5 кабаттуу яхта Мармарис круиз портуна токтоду.

Узундугу 11,5 метр, туурасы 19 метр жана эки тик учак аянтчасы бар яхта көргөндөрдүн көңүлүн бурду.

Бассейн, кинотеатр, спорт жана сулуулук салондору, суу астындагы жарыктар, лифт жана пляж клубуна ээ «Lady Gulya» тогуз люксунда 18 конокту кабыл ала алат. Люкс яхтада 38 экипаж мүчөсү бар.

Яхта 7000 деңиз милине чейинки аралыкта максималдуу 18 кнот ылдамдыкка жете алат.

Белгилүү болгондой люкс мега яхта райондо бир нече күн калат.



Тектеш кабарлар