Кушадасына эки круиздик кеме менен 570 турист келди

Жүргүнчүлөрдүн айрымдары байыркы Эфес шаарын, Мариям эне үйүн жана Ширинже кыштагы менен бирге айланасындагы урандыларды кыдырышты.

1722310
Кушадасына эки круиздик кеме менен 570 турист келди

Айдындын Кушадасы районуна бирөө Норвегия, экинчиси Багама желектүү эки круиздик кеме менен 570 турист келди.

Норвегия желекчелүү Viking Sky жана Багама желекчелүү Star Legendден түшкөн жүргүнчүлөрдүн айрымдары байыркы Эфес шаарын, Мариям эне үйүн жана Ширинже кыштагы менен бирге айланасындагы урандыларды кыдырышты.

Туристтер Кушадасы базарларында соода кылышты.

Global Ports Holding Чыгыш Жер Ортолук деңизинин аймактык директору жана Эгей портун башкаруу башкармалыгынын башкы директору Азиз Гүнгөр, 2022-жылы 900 миң туристтин круиздер менен районго келерин жана келерки жылдын алда канча жакшы болорун айтты.



Тектеш кабарлар