Лимондун экспорту өстү

Лимондун экспорту, ушул жылдын 9 айында 48 пайызга өсүп 184 миллион 49 миң долларга жетти.

1717910
Лимондун экспорту өстү

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 124 миллион доллар болгон лимондун экспорту, ушул жылдын тийиштүү мезгилинде 184 миллион долларга чейин жогорулады.

Эгей Экспорттоочулар Ассоциацияларынын (EIB) маалыматтарына караганда, өткөн жылы 60тан ашуун өлкөгө экспорттолгон лимондон 273 миллион 806 миң долларлык киреше түштү.

Быйыл болсо түшүмдүүлүктүн өсүшү экспортто да байкалды.

Өткөн жылдын январь-сентябрь мезгилинде 124 миллион 20 миң доллар болгон лимондун экспорту, ушул жылдын 9 айында 48 пайызга өсүп 184 миллион 49 миң долларга жетти.

Орусия лимондун экспортунда 48 миллион 316 миң доллар менен биринчи орунда, андан кийин 43 миллион 650 миң доллар менен Ирак жана 18 миллион 516 миң доллар менен Румыния турат.



Тектеш кабарлар