Түрк одеколонуна Скандинавия өлкөлөрүнөн суроо-талап жогору

Пандемия мезгилинде түрк одеколонуна кызыгуу артты.

1715631
Түрк одеколонуна Скандинавия өлкөлөрүнөн суроо-талап жогору

Коронавирус (Ковид-19) мезгилинде дүйнөгө таралган түрк одеколонуна акыркы айларда Скандинавия өлкөлөрүнөн келген суроо-талапка байланыштуу Эдирнедеги одеколон компаниясы Pereja 24 саат иштөө режимине өттү.

Компаниянын экспорт боюнча жооптуу кызматкери Бурак Сусеси Финляндиядан көп талап келгенин билдирип: «Дезинфекциялоочу заттан айырмалангандыктан биз алардан (Финляндия) олуттуу талаптарды алуудабыз. Өзгөчө супермаркеттердин кире беришине жана ресторандарга коюу темасында одеколонго олуттуу суроо-талапты көрүп жатабыз»,- деди.

Адистердин пандемияда вирустан коргонуу үчүн маска жана социалдык аралыкты сактоо эрежелеринен тышкары гигиена үчүн дезинфекциялоочу каражаттарды жана одеколон колдонууну сунушташы өзгөчө одеколонго болгон кызыгууну арттырды.

Түркиянын косметика жана одеколон фирмаларынын бири Пережа да, Эдирнедеги уюшкан өнөр жай зонасында жайгашкан ишканаларда Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Австрия, Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келген талаптардан кийин эми өзгөчө Скандинавия өлкөлөрү Финляндия, Норвегия, Швеция жана Дания сыяктуу өлкөлөрдөн жогорку талап алууда.



Тектеш кабарлар