ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын мыйзам бузуулары боюнча иликтөө жүрүп жатат

Билдирүүдө ЭВФтин Аткаруучу кеңеши Дүйнөлүк банктын «бизнестин жүргүзүлүшү» боюнча отчетундагы маалыматтардын мыйзам бузуулары боюнча иликтөө жүргүзгөн Wilmer Hale юридикалык фирмасынын өкүлдөрү менен жолугушканы кабарланган.

1714958
ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын мыйзам бузуулары боюнча иликтөө жүрүп жатат

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын мыйзам бузуулары боюнча иликтөө жүрүп жатат... ЭВФтин басма сөз катчысы Жерри Райстын Дүйнөлүк банктын 2018 -жылдагы «бизнестин жүргүзүлүшү» боюнча отчетунда жасаган билдирүүсүндө «Кытайдын рейтингине таасир этүүчү маалыматтарды өзгөртүү» айыптоосу боюнча тергөө иштери уланып жатканы маалымдалды.

Билдирүүдө ЭВФтин Аткаруучу кеңеши Дүйнөлүк банктын «бизнестин жүргүзүлүшү» боюнча отчетундагы маалыматтардын мыйзам бузуулары боюнча иликтөө жүргүзгөн Wilmer Hale юридикалык фирмасынын өкүлдөрү менен жолугушканы кабарланган.

ЭВФтин Аткаруучу кеңеши бул маселени президент Георгиева менен да талкуулай тургандыгы айтылган билдирүүдө, кеңештин ар тараптуу, объективдүү жана өз убагында кароого чечкиндүү экени баса белгиленди.

Дүйнөлүк банк 16 -сентябрда «бизнестин жүргүзүлүшү» боюнча отчетту жарыялоону улантпай турганын жарыялаган, андагы мыйзам бузуулар боюнча иликтөөлөр банктын жогорку кызмат адамдары кызматкерлерге Кытайдын рейтингине таасир эткен маалыматтарды өзгөртүү үчүн кысым көрсөткөнүн аныктагандан кийин жарыяланган.

ЭВФтин башкаруучу директору Георгиева тергөөнүн жыйынтыгына каршы чыкты.



Тектеш кабарлар