Түркиядан 8 айда 5,6 миллиард долларлык буурчак жана дан экспорттолду

Түрк Экспортчулар Ассамблеясынын дан эгиндери, буурчак, майлуу үрөндөр жана продукциялар секторунун башкармалыгынын төрагасы Махсум Алтункая, жазуу түрүндө маалымат берди.

1709835
Түркиядан 8 айда 5,6 миллиард долларлык буурчак жана дан экспорттолду

Түркиядан үстүбүздөгү жылдын январь-август мезгилинде 5 миллиард 579 миллион 520 миң долларлык дан, буурчак, майлуу үрөндөр жана алардын продукциялары чет өлкөлөргө сатылды.

Түрк Экспортчулар Ассамблеясынын дан эгиндери, буурчак, майлуу үрөндөр жана продукциялар секторунун башкармалыгынын төрагасы Махсум Алтункая, жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Түркиянын Жакынкы Чыгыш үчүн маанилүү экспорт базасы экенин айтты.

Түркиянын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө азык -түлүк жөнөткөнүнө көңүл бурган Алтункая: "Ушул жылдын 8 айында Түркиядан дан эгиндери, буурчак, май өсүмдүктөрү жана алардын продукциялары боюнча 5 миллиард 579 миллион 520 миң доллар экспорттолду. Биздин экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,17 пайызга өстү. Эң көп экспорттолуучу өнүмдөрдүн катарына өсүмдүк майлары, печенье жана торттор, буудай уну, кант жана кант азыктары жана макарон азыктары кирет",-деп айтты.

Январь-август мезгилинде бул тармактын 213 өлкөгө жана эркин зоналарга экспорт кылганын белгилеген Алтункая: "Анадолунун түшүмдүү жерлеринде өндүрүлгөн продукцияларыбыз бүткүл дүйнөгө экспорттолду. Эң көп экспорт Жакынкы Чыгыш, Африка, Америка жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө жасалды",-деди.



Тектеш кабарлар