Түркиянын климатташтыруу өнөр жайы

N8hrbz 2021-жылдын январь-август мезгилинде 189 өлкөгө 4 миллиард долларлык экспорт жасады.

1702410
Түркиянын климатташтыруу өнөр жайы

Климаттын өзгөрүшүнөн улам температуранын жогорулашы дүйнө жүзүндөгү жашоого терс таасирин тийгизсе, Түркиянын өндүрүштө күчтүү болгон климатташтыруу тармагы 2021-жылдын январь-август мезгилинде 189 башка өлкөгө 4 миллиард долларлык экспорт жасады.

Кээ бир эксперттердин айтымында 2021-жыл Өнөр жай төңкөрүшүнөн кийинки эң ысык жыл болуп, Түркиянын климатташтыруу өнөр жайы ушул жылдын 8 айында 189 өлкөгө ички өндүрүш өнүмдөрүн экспорттоду. Сектордун экспорту 2021-жылдын январь-август мезгилинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 40 пайыз сыяктуу рекорддук өсүү менен 4 миллиард долларга жетти. Экспорт 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде 2,8 миллиард доллар деңгээлинде болгон.

Ысык аба ырайы болгон август айында климатташтыруу тармагынын экспорту 2020 -жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 47 пайызга өсүп 522 миллион долларга жетти. Өткөн жылы бул көрсөткүч 355 миллион доллар деп катталган.

Жылдын 8 айында Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө 1 миллиард 872 миллион долларлык экспорт жасалды. ЕБ өлкөлөрүнөн кийин 567 миллион доллар менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, 441 миллион доллар менен берки Европа өлкөлөрү, 380 миллион доллар менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү жана 296 миллион доллар менен Африка өлкөлөрү ээледи.



Тектеш кабарлар