Түркияда жумушсуздук деңгээли

2021-жылдын июнь айына карата жумушчу күчүнүн көрсөткүчү жарыяланды.

1688525
Түркияда жумушсуздук деңгээли

Түркияда жумушсуздук деңгээли июнь айында мурунку айга салыштырмалуу 2,5 пунктка төмөндөп 10,6 пайызды түздү.

Бул мезгилде жумушсуздардын саны 3 миллион 399 миң кишиге азайды.

Түркиянын Статистикалык мекемеси, 2021-жылдын июнь айына карата жумушчу күчүнүн көрсөткүчүн жарыялады.

Буга ылайык, Түркияда 15 жаштан жогору курактагы жумушсуздардын саны июнь айында мурунку айга салыштырмалуу 823 миң кишиге азайып, 3 миллион 399 миң киши болду.

Ал эми жумушсуздуктун деңгээли 2,5 пунктка төмөндөп 10,6 пайызды түздү.

Жумушсуздук деңгээли өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу болсо 2,7 пунктка төмөндөдү.

Айыл чарбадан тышкары жумушсуздук деңгээли өткөн айга салыштырмалуу 2,7 пунктка төмөндөп, июнь айында 12,3 пайыз деп эсептелди.

Көрсөтүлгөн айда 15-24 курагын камтыган жаш калктын жумушсуздук деңгээли мурунку айга салыштырмалуу 0,2 пунктка төмөндөө менен 22,7 пайызды, ал эми жумуштуулуктун деңгээли 0,4 пунктка өсүү менен 32,6 пайызды түздү.

Бул курактык топтогу жумушчу күчүнө катышуу катышы өткөн айга салыштырмалуу 0,6 пунктка жогорулап 42,3 пайыз болду.



Тектеш кабарлар