Анталья менен Муглада эс алуучулар пляждарды толтурушту

Бодрум районуна барган туристтердин айрымдары деңизде сүзүп салкындаса, айрымдары да күнүмдүк кеме саякаты менен көгүлтүр турга чыгышты.

1680110
Анталья менен Муглада эс алуучулар пляждарды  толтурушту

Туризм борборлорунан Анталия менен Муглада Курман айт майрамынан кийин да пляждар толуп ташты.

Жергиликтүү жана чет элдик туристтер  Антальянын дүйнөгө белгилүү Коняалты жана Лара пляждары менен Сарысу жана Капуташ пляждарын толтурушту.

Мугланын Фетхийе районун тандаган эс алуучулар Өлү деңиз мааласындагы Белжекыз жана Кумбурну пляждарында болушту.

Бодрум районуна барган туристтердин айрымдары деңизде сүзүп салкындаса, айрымдары да күнүмдүк кеме саякаты менен көгүлтүр турга чыгышты.

Мармаристе болсо Исмелер, Узунялы пляждары менен Мармарис муниципалитетинин элдик пляжына келгендер да деңизден ырахат алышты.

 



Тектеш кабарлар