Пакдемирли: «Токой өстүрүү боюнча Европада биринчи орундабыз»
Пакдемирли 17-июнь Бүткүл Дүйнөлүк Чөлдөөгө жана Кургакчылыкка каршы күрөшүү күнүнүн алкагында борбор шаар Анкарадагы Айыл чарба ишканаларынын конференц-залында өткөрүлгөн программага катышты.
Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Түркиянын токой өстүрүү боюнча Европада биринчи орунда экендигин билдирди.
Пакдемирли 17-июнь Бүткүл Дүйнөлүк Чөлдөөгө жана Кургакчылыкка каршы күрөшүү күнүнүн алкагында борбор шаар Анкарадагы Айыл чарба ишканаларынын конференц-залында өткөрүлгөн программага катышты.
Токой өстүрүүнүн чөлгө айлануу жана эрозия менен күрөшүүдө абдан маанилүү экендигин белгилеген министр Пакдемирли: «Бүгүнкү күндөрүбүздүн жашыл жашоосу эртеңки күндөрүбүздүн келечеги деп айтып, акыркы 19 жылда 5,4 миллион гектар аянтка 5,3 миллиард көчөттөрдү отургуздук. Биз токой өстүрүү боюнча Европада биринчи жана дүйнөдө 4-орунда турабыз.
Биз токой байлыгыбызды 2,1 миллион гектарга көбөйтүп, 22,9 миллион гектарга жеткирдик. 2015-жылы дүйнөлүк токой байлыгы рейтингинде 46-орунду ээлеген өлкөбүздү 2020-жылы 27-орунга көтөрдүк. 2023-жылга карата биздин максатыбыз - токой байлыктарыбызды өлкөнүн жер аянтынын 30 пайызына жеткирүү»,-деп айтты.