"Аккую" атомдук электр станциясындагы иштер уланып жатат

Министр Дөнмез Твиттер аркылуу маалымат берди.

1651006
"Аккую" атомдук электр станциясындагы иштер уланып жатат

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, "Аккую" атомдук электр станциясындагы (NGS) реактордун биринчи блогунун сырткы кабыгын куроо иштери аяктаганын билдирди.

Министр Дөнмез Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Аккую атомдук электр станциясындагы биринчи блоктун реактордук басым кабыгын орнотуу иши аяктады. Өлкөбүздүн жарым кылымдык атомдук энергия максатында биз 2023-жылга карай кадам шилтеп бара жатабыз. Республикабыздын 100 жылдыгында атомдук энергияга ээ болобуз»,-деди.

Түркиянын биринчи атомдук электр станциясы Аккую, кубаттуулугу 4800 мегаватт болгон төрт реактордон турат.

Биринчи реакторунун 2023-жылы ишке киргизилиши пландаштырылган станциядан жылына болжол менен 35 миллиард киловатт саат электр энергиясы өндүрүлөт.



Тектеш кабарлар