Түркия менен Азербайжандын ортосунда соода көлөмү 2020 - жылы 5 пайызга артты

Мехмет Муш онлайн режимде  өткөн «Түркия  -  Азербайжан инвестиция форумуна» катышты.

1648970
Түркия менен Азербайжандын ортосунда соода көлөмү 2020 -  жылы 5 пайызга артты

Соода министри Мехмет Муш эпидемияга карабастан 2020 – жылы Азербайжан менен Түркиянын ортосунда соода көлөмүнүн 5 пайызга арткандыгын айтты. Министр Муш эки тараптуу сооданы 15 миллиард долларга чыгаруу максаттарынын бар экендигин баса белгиледи.

Мехмет Муш онлайн режимде  өткөн «Түркия  -  Азербайжан инвестиция форумуна» катышты.

Форумда сөз сүйлөгөн Муш  : «Эки тараптуу соодабызда максатыбыз президентибиз белгилеген 15 миллиард доллар көлөмүнө жетүү. Чечим чыгаруучулар катары бул максатка жетүү үчүн иштеп жатабыз. Азербайжан менен эки тараптуу соода көлөмүбүз коронавирус эпидемиясына карабастан 2020 -  жылы андан мурунку бир жылга караганда 5 пайыздык өсүү менен 4, 6 миллиард долларга жетти. Бул жылдын биринчи 4 айында да эки тараптуу соодабыздын өсүү көрсөтүшү кубантуучу. Бул ылдамдыктын 2021 -  жылга да жайылышын күтүп жатабыз. Бул жолдо таштаган маанилүү бир кадамдардын бирөөсү да өз соода эрежелерибизди белгилеген Артыкчылыктуу соода келишиминин 2021 -  жыл 1 -  марттан тарта күчүнө кириши»,- деди.



Тектеш кабарлар