PttAVM 70тен ашуун өлкөгө электрондук экспорт кылууда

Түрк кофеси, локум жана килем чет өлкөгө эң көп сатылган өнүмдөрдүн катарына кирет.

1648019
PttAVM 70тен ашуун өлкөгө электрондук экспорт кылууда

Түркиянын электрондук соода платформасы PttAVM, 25 миллиондон ашык продукт түрү менен 70тен ашуун өлкөгө электрондук экспорттоону жүзөгө ашырат.

PttAVM тышкы рынокто өз сатууларын "Turkish souq" деп аталган электрондук соода платформасы аркылуу жүргүзүүдө.

Түрк кофеси, локум жана килем чет өлкөлөргө эң көп сатылган өнүмдөрдүн катарына кирет.

PttAVM чакан жана орто бизнести да колдойт.

Платформа ошондой эле аял өндүрүүчүлөр менен сатуучулар үчүн оң багытты камсыз кылат. Аялдар өзүлөрү өндүргөн продукцияларын PttAVM аркылуу компаниясыз сата алышат.



Тектеш кабарлар