Түркия көк желектүү пляждары менен дүйнөдө 3-орунду ээледи

Экология жана шаарлаштыруу министри Мурат Курум социалдык медиа баракчасындагы билдирүү жасады.

1642505
Түркия көк желектүү пляждары менен дүйнөдө 3-орунду ээледи

Түркия 519 көк желектүү пляждары менен дүйнөдө 3-орунду ээледи.

Экология жана шаарлаштыруу министри Мурат Курум социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, экологиялык инвестициялардын жардамы менен жыл сайын деңиздердеги суунун сапаты сакталып, жакшыртылып жаткандыгын жана натыйжада таза деңиздердин көрсөткүчү болгон көк желектүү пляждардын саны тездик менен өскөнүн айтты.

Аткарылган иш-аракеттер жөнүндө маалымат берген Курум, «Таза деңиз» долбоорунун алкагында 85 миң тонна деңиз таштандылары чогулгандыгын, эми кемелерге таштандыларды көзөмөлдөө тутуму менен күнү-түнү көз салынгандыгын, ыктымалдуу булгануу жана кырсыктарга 364 жээк объектилеринен дароо чара көрүлгөндүгүн билдирди.

Курум: «Биз ушул аракеттердин бардыгы үчүн дагы бир жолу сыйлык алгандыгыбызга сыймыктанабыз. Өлкөбүз 2021-жылы 519 көк желектүү пляждары менен дүйнөдө үчүнчү орунду ээледи. Биздин 2023-жылга койгон максатыбыз болсо дүйнөдө биринчи болуу», деди.



Тектеш кабарлар