Түркиянын жеңил автоунаа экспорту

Улудаг Автомобилдик өнөр жай экспортерлор ассоциациясынын маалыматтары боюнча түзүлгөн топтомго ылайык, жылдын 4 айында жеңил автоунаалар 90дон ашуун өлкөгө, автономиялуу аймактарга жана эркин аймактарга сатылды.

1639073
Түркиянын жеңил автоунаа экспорту

Ушул жылдын январь-апрель айларында Түркия тарабынан жеңил автоунаалардын экспорту 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болжол менен 20 пайызга өстү.

Улудаг Автомобилдик өнөр жай экспортерлор ассоциациясынын маалыматтары боюнча түзүлгөн топтомго ылайык, жылдын 4 айында жеңил автоунаалар 90дон ашуун өлкөгө, автономиялуу аймактарга жана эркин аймактарга сатылды.

Жеңил автоунаалардын экспорту ушул мезгил аралыгында 10 миллиард 153 миллион 309 миң долларды түзүп, автомобиль өнөр жайынын экспортунун 35,8 пайыз үлүшүн ээледи.

Жеңил автоунаалардын экспорту өткөн жылдын январь-апрель мезгилинде 3 миллиард 37 миллион 301 миң долларды түзсө, ушул жылдын ушул мезгилинде 3 миллиард 632 миллион 794 миң долларга көтөрүлдү.

Январь-апрель айларында жеңил унаа экспорттоонун жарымынан көбү Франция, Италия, Германия, Испания жана Улуу Британияга жасалган.



Тектеш кабарлар