Өнөр жай өндүрүшүндө өсүү...

Түркиянын Статистикалык мекемеси (TUIK) март айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

1637995
Өнөр жай өндүрүшүндө өсүү...

 

Өнөр жай өндүрүшүнүн индекси жылдык мааниде алганда 16,6 пайызга жогорулады.

Түркиянын Статистикалык мекемеси (TUIK) март айындагы өнөр жай өндүрүш индексинин жыйынтыктарын жарыялады.

Ушуга ылайык, календардык такталган өнөр жай өндүрүшү март айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 16,6 пайызга өстү. Календар боюнча түзөтүлбөгөн өнөр жай өндүрүшүнүн индекси да жылдык мааниде 19,9 пайызга жогорулады.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, март айындагы өнөр жай өндүрүшүнүн индексинин жыйынтыгы боюнча, «Өнөр жай март айында биздин экономикабыздын локомотиви болгонун көрсөттү. Өнөр жай өндүрүшү 11 ай катары менен өсүү тенденциясын сактап калды. Биринчи чейректе биз G-20 өлкөлөрүнүн ичинен өнөр жай өндүрүшү эң көп өскөн өлкөлөрдүн катарына кирдик. Былтыркы жылдын ушул чейрегине салыштырмалуу 12,3 пайызга жогорулады»,деген баасын берди.



Тектеш кабарлар