Стамбулга келген турист саны март айында жогорулады

Губернаторлуктун билдирүүсүнө ылайык, Али Йерликая туризм секторунун өкүлдөрү менен жолугушкан жыйналышта Стамбулдун туризмине байланыштуу баа берди.

1636310
Стамбулга келген турист саны март айында жогорулады

Стамбулдун губернатору Али Йерликая март айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 45,85 пайызга көбөйүп, 545 миң 608ге жеткенин билдирди.

Губернаторлуктун билдирүүсүнө ылайык, Али Йерликая туризм секторунун өкүлдөрү менен жолугушкан жыйналышта Стамбулдун туризмине байланыштуу баа берди.

Йерликая жолугушууда берген баасында, дүйнөдөгү 14-ири мегаполис Стамбулдун чоң туристтик потенциалы бар экендигин жана Стамбул тарыхый жана маданий жактан дүйнөнүн эң ири туризм борборлорунун бири экендигин белгилеп, акыркы статистикалык көрсөткүчтөр шаарга келген турист санынын өткөн жылга салыштырмалуу жогорулай тургандыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Стамбулдун 2021-жылдын март айындагы бул жааттагы маалыматтарын бөлүшкөн Йерликая: «2021-жылдын март айында Стамбулга келген чет элдик туристтердин саны өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 45,85 пайызга көбөйүп, 545 миң 608ге жетти. Стамбулга келген чет элдик туристтердин арасында Россия 87 миң 485, Иран 56 миң 108, Германия 42 миң 494 турист менен алдыңкы үчтүктө орун алды»,-деп маалымат берди.



Тектеш кабарлар